
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындаган.
Эске сала кетсек, Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Алмамбет Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап, ЖК депутаты да болгон.