Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 04 11 at 14.45.35

«Ала-Тоо» борбордук аянты реконструкцияланат

8 / 100

2024-жылдын 11-апрелинде «Ала-Тоо» аянтында мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун, Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Уландын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өттү.

Инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо долбоорун баштоо  талкууланды.

Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.

Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы реконструкциялоого байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

12 Апрель 2024 жыл 7:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча