Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ала-Букада 30 жаштагы киши айылдашына ок чыгарды

Окуя 12-сентябрда Жапа-Салды айылында саат 16:55 чамасында болгон. Милициянын айтымында, 25-30 жаштагы кишилер уруша кеткен. Кылмышка шектүү 25 жаштагы адамдын унаасын кууп келип, ага ок чыгарган. Кароо учурунда андан бир даана гильза алынганы маалым болду.

25 жаштагы ок жеген жигит ооруканага жеткирилди. Ал эми аткан киши буга чейин Россияда каракчылык үчүн соттолгону айтылды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

13 Сентябрь 2024 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча