Акылбек Жапаров Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин айтты.
“Кыргыз окумуштуулары дагы алдыдагы күчтүү силкинүүлөрдүн ыктымалдыгын болжолдойт. Эң кооптуу зоналарды белгилеп, тектоникалык жаракаларга кандай роль берилгенин иликтеп жатышат. Жыл сайын өлкөдө 13 миңге чукул сейсмикалык термелүүлөр болуп турат. Демек, биз көзөмөлдү эч качан азайтпашыбыз керек”, — деди өкмөт башчы.