Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Ак эмгегим элиме». Дастан Жумабеков «Сөгөт» айылындагы мектепке «Mercedes-Benz Sprinter» авто унаа белек кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «Ак-эмгегим элиме» программамдын алкагында, бүгүн 1-октябрда Манас районундагы Сөгөт айылында «Сөгөт» атындагы орто мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто унаасын белек кылды.

«Мындай көйгөй эл менен жолугушуу учурларында айтылган. Анткени биздин мектептин окуучулары 6 км аралыкты жөө басып коңшу айылдын мектептеринде окуп келишкен. Андыктан бул маршрут окуучуларды жаан-чачындан сактап , келечектеги окумуштууларлын жаралуусуна, кыргыз элине кызмат кылган билимдүү жаштардын көбөйүүсүнө жол ачсын»,-дейт эл өкүлү.

Өз кезегинде айыл эли да ыраазычылыгын билдирди.

1 Октябрь 2023 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча