Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ак-Суулук ойлоп табуучулар Түркиядагы робот сынагына катышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук балдар билим берүү борборунун эки жаш ойлоп табуучусу 15-эл аралык МЕВ робот сынагына катышты. Бул тууралуу билдирди.

Аталган борбордун робототехника илиминин жетекчиси Туратбек Иманбеков билдиргендей, 15-эл аралык МЕВ робот сынагы 6-9-сентябрь күндөрү Түркия өлкөсүндө өтүп, 19 мамлекеттин жаш ойлоп табуучулары катышкан.

«Билим берүү борборунда М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын 2 окуучусу 3 жылдан бери робототехника ийримине катышып келет. Алар бир катар изденүүлөр менен роботторду карашкан. Сынакка атайын сызык менен жүрүп жарышчу робот курап чыгышкан. Жаш ойлоп табуучулар менен пикир алышып, көп тажрыйба топтодук. Эл аралык деңгээлге чыгууга колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиребиз», — дейт Туратбек Иманбеков.

13 Сентябрь 2023 жыл 8:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча