Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 07 10 at 09.57.39

Айыл чарбасын камсыздоо үчүн 400 тоннадан ашуун пестицид ташылып келинди

13 / 100

2024-жылы республиканын айыл чарбасынын пестициддерге болгон жалпы керектөө эсеби — 615,4 тоннаны түзүп, 2024-жылдын 10-июлуна карата 467,15 тонна пестициддер ташылып келинди. Башкача айтканда, айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоо — 76%ды түздү.

 

Жалпы пестициддердин ичинен үрөн ууландыргычтарга (жаздык жана күздүк кылкандуу дан эгиндерине) керектөө – 56,9 тонна болсо, 2024-жылдын 10-июлуна карата – 43,3 тонна ташылып келинди, же камсыздоо – 76,2,0 %, гербициддерге болгон керектөө – 323,4 тонна болсо, камсыздоо – 232,9 тоннаны түздү же 72,0 %, инсектициддерге болгон керектөө – 172,9 тонна болсо, камсыздоо – 139,7 тоннаны түздү, же 80,8 %, ошондой эле фунгициддерге болгон керектөө – 62,2 тонна болсо, камсыздоо – 51,22 тоннаны, же 82,3 % түздү.

 

Белгилей кетсек, жыл сайын республиканын айыл чарбасын пестициддер менен камсыз кылуу 120%га чейин түзөт. Башкача айтканда, айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоодо көйгөйлөр жок.

2024-жылы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын баалары дыйкандар үчүн жеткиликтүү жана алардын орточо баалары төмөндөгүчө:

үрөн ууландыргычтар — 650-850 сом/л,

гербициддер — 600-3000 сом/л,кг,

инсектициддер — 600-2500 сом/л,кг,

фунгициддер — 650-2800 сом/л,кг болду.

WhatsApp Image 2024 07 10 at 10.05.47 1
WhatsApp Image 2024 07 10 at 09.57.03
WhatsApp Image 2024 07 10 at 09.57.39
10 Июль 2024 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча