Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Айтматовдун 95жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү комитети түзүлдү

Кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, эми уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Комитеттин ишин уюштуруу, усулдук жана башка жактан камсыздоо аталган министрликке жүктөлдү. Ал эми курамы төмөнкүчө:

министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;

билим берүү жана илим министри;

тышкы иштер министри;

финансы министри;

санариптик өнүктүрүү министри;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;

президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

Бишкек шаарынын мэри;

Ош шаарынын мэри;

президенттин 7 облустагы өкүлдөрү;

Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;

Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

«ЭлТР»мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

Кыргызстан элинин ассамблея кеңешинин төрагасы.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1959-жылдан тартып КПССтин ардактуу мүчөсү болгон, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, 1978-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамдары менен сыйланган. Ал 1928-жылы 12-декабрда туулуп, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн.

29 Июнь 2023 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча