Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Айлык акы 50миң сом. Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы айдоочуларды өз командасына чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 1,5 миң айдоочу керек. Айлык акысы 50 миң сом. Айдоочулардын жаш курагы 21 жаштан 60 жашка чейин болушу керек.

«»ВС» категориясы бар айдоочулар үчүн «Д» категориясына акысыз окутуу жана практика каралган, курсту аяктагандан кийин, расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет», — деп кошумчалашты мэриядан.

Суроолор боюнча 0705 86-84-64, 0312 53-18-14 же 0555 525 452 (whatsapp) номерлерине кайрылууга болот.

Троллейбус паркы: 0(312) 657590, 0701 507 700.

Дареги: 7-апрель көчөсү, 4. Электрондук дареги: bpatpkg@meria.kg.

15 Август 2023 жыл 9:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча