Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Айгүл Жапарова Монголиянын биринчи айымы менен жолугушту

8 / 100

Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо Монголиянын биринчи айымы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушканын КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Жапарова Монголияга «Жашыл келечек жолунда» аттуу аялдардын дүйнөлүк форумуна катышуу үчүн барган.

Биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашкан.

«Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы салттуу достук мындан ары да бекемделе берерине ишеним артты», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле моңгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдиргени белгиленди.

23 Август 2024 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча