Кара-Сууда 2 жаштагы кыз КамАЗ унаасынын алдында жан берди.

Ош ОИИБ берген маалыматка караганда, кырсык 7-сентябрда болгон. Мады айыл аймагында унаанын айдоочусу дүкөнгө кирип кеткен. Ошол учурда унаа жылып, 2021-жылы туулган кызды тепсеп кеткен. Кыз ошол жерде көз жумган. Ата-энеси экспертизадан баш тартышкан.

От admin