Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери дин кызматкерлери менен биргеликте жүргүнчүлөдү ташыган айдоочуларга жолдо жүрүүдө шашпоого, каршы тилкелерге чыкпоого, ылдамдыкты ашырбоого жана жалпы коопсуздук эрежелерин сактоого багытталган “Адам өмүрү аманат” аттуу эскертүү, жеткирүү акциясын жүргүзүшүүдө.
Максаты жол эрежесине кайдигер караган айдоочуларды шарияттын негизинде да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакыруу болууда.