Акыркы үч жылда Улуттук банктын командасы Кыргызстандын алтын валюта резервин 1 млрд 67 млн долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Президент өлкөнүн жалпы эл аралык резерви бүгүнкү күнгө 3 млрд 491 млн долларга жеткендигин айтты.
«Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резервибиз 30 жыл аралыгында болгону 2 млрд 424 млн доллар болгон. Алтындын запасы боюнча айтсам: 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болчу. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 51 тонна алтыныбыз жатат. 3 жылда 35 тонна алтын кошулду. Айырмасын карагыла: 30 жылда 16 тонна, 3 жылда 35 тонна», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Ал мындан сырткары, Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүргөндүгүн айтып, бул өлкөнүн башкы банкынын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы экендигин кошумчалады.