Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин интернетте балдар үчүн даярдалган чет тилдеги контенттин баарына бөгөт коюу тууралуу демилгеси боюнча пикирин айтты. “7-каналга” берген комментарийинде орус тили Кыргызстанда жаш муун үчүн маанилүү экенин, спикердин сунушун колдобой турганын билдирген.
“Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткени ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт”, — деген ал.