Казакстанда 14 сибирь жарасы көмүлгөн жай суу каптагандан улам ачылып калган. 
Бул тууралуу «Урал жумалыгы» гезити жазды.

Суу каптаган сегиз мал көмүлгөн жайдын алтоо Сырым районунда, бирөө Каратөбеде, бирөө Теректе жайгашкан. Сибирь жарасы көмүлгөн жерлер негизинен Сырым аймагында жайгашкан.
"Өзгөчө кырдаалдар болгон аймактардагы мал-жандыктар ветеринардык кызматтардын көзөмөлүндө болот",-деп билдирди облустук ветеринардык башкармалыктын ветеринардык-санитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Нуркайыр Кусайнов.
Сибирь жарасы- Bacillus anthracis бактериясы козгогон бардык түрдөгү айыл жана жапайы жаныбарлардын, ошондой эле адамдардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорусу.

Сибирь жарасынын споралары ооруган мал өлгөндөн кийин да көп жылдар бою сакталышы мүмкүн.

От admin