Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

7-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылып, Р.С., А.М., Э.Т., Н.П., С.Т., Н.А. аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранган, себеби алар 6-апрелде коомдук тамактануучу жайларынын биринде уруп-согуп денесине залал келтирип, узак убакытка мыйзамсыз кармап турушканын билдирген. Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Соцтармакта акыркы күндөрү “Чайхана чатагы” деп атыккан чуу талкуу болуп жаткан.

От admin