Бишкек шаарында алгачкы жоогазын гүлдөрү гүлдөдү. Күзүндө «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 170 миң жоогазын көчөттөрүн отургузушкан.

Жакында жоогазын гүлдөрү Курманжан Датканын эстелигинин айланасында, Кыргыз улуттук филармониясында, Түштүк магистралда, Жумабек менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Масалиев көчөсүндө, Өкмөттүк, Театрдык жана Эмгек Даңкы скверлеринде, Свердлов райондук администрациясынын жанында, Эмен, Ынтымак, Жеңиш парктарында жана Каражыгач токоюнда, ошондой эле Жаштар аллеясында ачылат.

Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! жоогазындарды уурдоо же коомдук тартипти жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактыларына күбө болсоңуз, анда 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуруна кабарлаңыз.

От admin