Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.

Бүгүн өлкө боюнча 1-класска электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүрөт.

Экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин бош орундары бар мектепке катталса болот.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. 2024-2025-окуу жылына карата каттоо сайтында 24 саат бою жеткиликтүү.

Толук маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан алууга болот.

От admin