Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын тургуну — 2005-жылы туулган Айдай Саматбекова төрөт учурунда көз жумуп, ымыркайы 10 күндөн кийин чарчап калды.

Маркумдун жолдошу Арген Дүйшөбеков келинчеги менен жаӊы төрөлгөн ымыркайынын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп экенин айтты.

«Келинчегим экөөбүз 2023-жылдын сентябрь айында баш кошконбуз. Экөөбүз тун наристебизди күтүп жаткан элек. Айылдагы фельдшердик-акушердик пунктка каттоого туруп, жазган анализдердин баарын тапшырганда, дарыгерлер жыйынтыгын жакшы деп жатышкан. Кош бойлуулуктун 6,5 айынан өтүп калганда, кайрадан анализ тапшырып, ал да жакшы чыгып, дагы бир анализи калган. Анан Нооруз майрамына утурлай өзүн жакшы сезип, күндөкүдөй жүрдү.

22-март күнү кечке маал эти ысып, дене табы көтөрүлгөндө белин ушалап бердим. Ал күнү майрамга туш болуп, фельдшердик-акушердик пункт, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иштеген эмес. Эртеси, 23-мартта чоӊ кайненемдикине алып барып, башын теӊдетип (кыргызча дем салдыруу) келсек, анда да жакшы болбой койду.

Анан дароо эле Түп райондук ооруканага алып бардым. Ал жактан Н.М. аттуу дарыгер келинчегимди алып кирип кетип эле урушуп, “күйөөӊө эркеле” деп орой мамиле кылганы угулду. Ал жактан 2 сааттай кармалдык. Келинчегим буту менен басып кирип, араба (коляска) менен чыкты. Анткени ак халатчандар “биринчи жардам көрсөттүк” деген жүйө менен дары-дармек берип, ооруну басаӊдатуучу диклофенак дарысын сайып коюшту. Ошону менен тез жардам кызматынын унаасы менен Каракол шаарына жиберип, келинчегим жолдон эс-учун жоготту.

Каракол шаарындагы төрөт бөлүмү операция жолу менен баланы алып, жүлүндөн суу алгандан кийин үзүлүп кете бергенин кабарлашты. Бизге алдын ала диагнозду эклампсия деп билдиришти. Мындай шалаакылыкка жол берген дарыгерлерди Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө алып, жоопко тартуусун суранамын. Кечээ, 4-апрелде вакуумда жаткан уулум да чарчап калды. Келинчегим Айдай быйыл мугалимдик кесип боюнча акыркы курста билим алып жаткан. Мектепте иштейм деген жакшы тилектери бар эле», — дейт Арген Дүйшөбеков.

Показать перевод

От admin