Президенттин иш башкаруучусу борбор калаада эле эмес, аймактарда да ипотекалык үйлөр куруларын белгиледи.

 Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, аларда 2 744 батир болмокчу.

«Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга үч-төрттөн батир алганга жол бербейбиз», — деп жазган ал соцтармактагы баракчасына.

Ошондой эле ал ипотекалык үйлөр чыныгы муктаждарга берилерин кошумчалаган.

От admin