Камчыбек Ташиев жакында кайсы коррупционерден бюджетке канча акча өндүрүлгөнү жарыяланарын айтты.

“Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин “жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат” дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен 100 пайыз кепилдик берем!” — деди УКМК төрагасы.

Буга чейин Финансы министрлиги коррупцияга каршы күрөштөн казынага 20 млрд сом түшкөнүн кабарлаган. Ташиев ал эски маалымат экенин айтты.

От admin