Кечээ, 28-мартта катуу шамал жүргөн аймактарда материалык чыгымдар жана жабыркагандар болду.

Мындай табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Бишкек шаар мэринин №86Т тескемесинини негизинде калаа аймагына жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №109 буйругунун негизинде Чүй облусунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режимдери киргизилген.
Бишкек, Чүй жанга Талас башкармалыктарынан бүгүн саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген.
Тактап айтканда, жалпы Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.
Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.
Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, ӨКМге караштуу Гидромет кызматынын маалыматы ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында саат 16:15тен саат 16:45ке чейин ылдамдыгы 26 метрге секундга жеткен катуу шамал катталган.

От admin