Бүгүн, 2024-жылдын 28-мартында эртең менен коомдук транспортту кезектеги текшерүү учурунда №169 автобустук  каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири агрессия көрсөтүп, контролерго оозго алгыс сөздөрдү айта баштаган. Жүргүнчү жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Кырдаал сүйлөшүүнүн чегинен чыгып, коомдук транспорттун кызматкерине кол көтөрүүгө жеткен.

Жүргүнчү контролерду бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кол салуунун натыйжасында коомдук транспорттун кызматкери бетинен жаракат алган. Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөр аркылуу аныкталып жатат.

«Тулпар» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди баштады.

От admin