ИИМдин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин аймактык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Марк Ричардсон менен жолугушту.
Тараптар кызматташууну мындан ары бекемдөө, укук коргоо жаатындагы өз ара аракеттешүүнү талкуулашты.
Нурбек Жангабылов АКШнын элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Элчилик тарабынан берилген техникалар милиция кызматкерлеринин кызмат өтөө сапатын бир топ жакшыртаары күмөнсүз.
Жолугушуунун соңунда Нурбек Жангабылов АКШнын Элчилигине кылмыштуу ишмердүүлүтү аныктоого жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

От admin