Чырпыктыдагы жол кырсыгынан Ысык-Көл райондук Санэпидборборунун башкы дарыгери, жолдошу жана айдоочусу каза болду. Маалыматты Мамлекеттик санэпидборбору тастыктады.

Алина Токтоназарова кызматы боюнча Чолпон-Атадан Балыкчыга чогулушка бара жатып кырсыктаган. Маркум 52 жашта болчу, бул тармакта 26 жылдан бери иштеп келе жаткан. Райондук санэпидборборун 2021-жылдан тарта башкарып турган.

Унаанын ичинде башкы дарыгердин күйөөсү да болгон. Айдоочу үчөө ошол жерде үзүлгөн.

Эске салсак, Ысык-Көлдө бус менен Санэпидемборбордун кызматтык унаасы кагышып, 3 адам каза болду деген маалыматтар тараган.

Көз жумгандардын бирөө айдоочу, экөө жүргүнчү болгон. Үрөй учурган жол кырсык кечээ түшкө маал Чырпыкты айылында катталган.

От admin