Россияда мигранттарды жумушка алууну көзөмөлдөөчү мамлекеттик компания ачылат

Долбоорду Эмгек министрлиги даярдаганын @sputniklive жазды.

“Россиядагы жумуш” мамлекеттик кадрдык компаниясы мигранттарды жумушка алган ишканаларды каттап, келген чет элдиктердин иш менен камсыз болушун көзөмөлдөп, алардын катталган жерде иштеп-иштебегенин карап турат.

“Биздин милдет — ишканага кирген кызматкер бардык документтерди толтургандан кийин ачык эмгек рыногуна чыгып кеткен жагдайларды жоюу”, — деди РФ эмгек министринин орун басары Дмитрий Платыгин.

Булак: Спутник кж

От admin