Ошто 17 жаштагы кыз 9 жаштагы бир тууганын өлтүрүүгө шектелип жатат. Маалыматты Ош ОИИБден билдиришти.

25-март күнү милицияга Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилик чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2014-жылы туулган баланы 2006-жылы туулган бир тууган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы маалым болгон. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалып, ага жана окуя болгон жерден далил буюм катары алынган заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо сот органы тарабынан аныкталат

От admin