Менделеев көчөсү 153 б үйүнөн  139б үйүнө чейин ирригация системасын, жол бордюрларын орнотуу иштери аяктады. Учурда   асфальт төшөлүп, бригада жол белгилерин коюп, жол жол чийиндерин чийүүдө.

Енисей көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн  туюк көчөгө чейинки жолду асфальттоо иштери аяктады. Жол белгилерин коюу жана жол чийиндерин түшүрүү иштери башталат.

Ошондой эле, Кажы-Сай чолок көчөсүн бойлой №26 үйдөн №29 үйүно чейин оңдолду. Жакында жол белгилери орнотулуп, чийиндери сызылат.

Алай чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Мечников көчөсүнө чейин эски асфальты сыйрылууда. Андан кийин жол бордюрлары, кудуктар орнотулуп, асфальт төшөлөт.

Ошондой эле, Балыкчы чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Суворов көчөсүнө чейинки тилкеде эски асфальтты сыйруу иштери башталды.

От admin