2024-жылдын 22-мартында болжол менен саат 01:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин-Колхозный көчөлөрүнүн кесилишинен  белгисиз айдоочу унаасы менен жашы болжол менен 50-55  эркек кишини сүзүп, окуя болгон жерден  изин жашырып, качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты боюнча Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары “Фолсфаген”  үлгүсүндөгү   авто унаанын 2001-жылы туулган А.И.М. аттуу  айдоочусун  шектүү катары кармашкан.

Азыркы учурда  авто унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочусу тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Токмок РИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.

От admin