Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына Тоңдогу көл жээгинде тартылган сүрөт менен бөлүштү.

«Калайык! Президентибиз пляждарды элге ачып жатса, Тоңдо элдин пляжын минтип жаап, акча талап кылышууда. Кеклик пляжы. Куураган эле эл болдук го! Тоңдун эли жалгыз ушу жерге түшөт. Элдики бул», — деп жазды ал.

От admin