Сокулукта 13 жашар кызды 9 жигит зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Акыйкатчы билдирди.

Жамиля Жаманбаевага кайрылган аял 13 жаштагы кызы топ балдардан кордук көрүп жүргөнүн, укук коргоо органдары чара колдонбой жатканын айтып берген.

“Сокулукта бир жылдан бери кызын 19-22 жаштагы 9 бала системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Январь айында дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин табылган. Ошондо гана кыз балдар менен иштөө инспекторлоруна айтып берген. Анан ата-энеси билип, милицияга арыз жазган”, — деп айтылат маалыматта.

Эненин айтымында, алгач тестиерди 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып, шаардын четине алып барып зордуктаган. “Бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем” деп коркуткан.

“Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. “Ата-энеңе айтып беребиз” деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон колго өткөрүп беришкен. Сокулук РИИБи шектүүлөргө карата эч кандай чара колдонбой жатат”, — деп даттанган кыздын апасы.

Учурда секелектин психологиялык абалы оор, ооруканада жатат.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, азыркы кылмышка шектелген 9 жигиттин бири бир кыз менен «нике» кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант.

Омбудсмен башкы прокурордон жана ИИМ жетекчилигинен бул боюнча тез арада чара көрүүнү талап кылды.

От admin