Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өз буйругу менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү.

Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлдү.

Бул программага ылайык, Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат.

Эскерте кетсек, аукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

Муниципалдык менчикти сатуу боюнча электрондук аукционду өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 бекитилген «Муниципалдык менчик объекттерин сатуу боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.

От admin