Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында алты адамдын өлүмүнө алып келген кол салуу бала бакчада жасалганын Кайцзян округунун коомдук коопсуздук бөлүмүнө таянуу менен РИА Новости билдирди.

Буга чейин жергиликтүү полиция дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:40 чамасында (Бишкекте 05:40) Гуандун провинциясынын Ляньцзян уездинде 25 жаштагы жаран адамдардын ден соолугуна атайылап зыян келтирип, натыйжада 6 адам каза болгонун билдирген.

Коопсуздук кызматы билдиргендей, окуянын күбөлөрү бычак менен куралданган адам бала бакчага кол салганын билдиришкен. Мекеменин кире беришинде бир бала жана эки чоң адам жабыркаган.

Хубэй Цзинши ТВнын айтымында, кол салуудан Бала бакчанын тарбиячысы, эки ата-эне жана үч бала каза болгон.

От admin