Жакында Бишкекте 45 миң орундуу стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып, эскиздери менен бөлүштү.

Анын маалыматына караганда, долбоорлоо жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалган.

«Бул жакшы күндөрү, сиздерге кубанычтуу маалымат менен бөлүшкүм келип турат. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз.

Муну менен, өлкө башчыбыз элибизди сергек жашоого шыктандырып, таланттуу спортчуларга шарттарды түзүп жатат. Буюрса бул стадиондон Кыргызстандын желегин көтөрүп, намысын талашкан далай азамат уул-кыздарыбыз чыгат деген ишеним чоң», — деп жазган ал.

Ошондой эле Туманбаев долбоорду Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы — Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алганын кошумчалаган.

От admin