Москвада 39 жаштагы жаран мурдагы сүйгөн кызын электропоездин алдына түртүп жиберген.

MVD Media агенттиги 14-мартта билдиргендей, аталган окуя «Замоскворецкая» линиясындагы «Войковская» метро станциясында болгон. Ачууланган адам мурдагы сүйлөшкөн кызын келе жаткан электропоезддин астына түртүп жиберген.

«Бактыга жараша, машинист авариялык тормозду басып жетишкен, кыз жабыркаган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Кызды түртүп жиберген соң кылмышкер качууга аракет кылган. Бирок тегерегиндеги адамдар аны кармашып, полицияга өткөрүп беришкен.

От admin