Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 2001-жылы туулган С.И. таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү учурунда унаанын арткы отургучунун астындагы жашыруун жайдан болжол менен салмагы 6 кг 111 граммды түзгөн 24 даана таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган. Маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгында жогоруда алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан. Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда шектүү катары кармалган жаран С.И. менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн.
Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин БМЖККК жарандарга эскертет, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Баңгизат табылган учурда 102, 0312660616, 0312660244 телефон номурлары аркылуу кабарлаңыз.


От admin