Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу КФСтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана вткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.

Белгилей кетсек, талапкерлерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.

КФСтин Шайлоо кодексине ылайык, КФСтин бир мүчөсүнөн ар бир бош кызмат ордуна бирден талапкер көрсөтүлөт. Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер — Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлдү. Аталган талапкерди «Талант» футболдук клубу сунуштады.

КФСтин биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлер менен бул шилтемен таанышса болот.

Белгилей кетсек, 19-февраль күнү «Novotel» отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы кезексиз конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.

От admin