Каракол шаарында жарандык аялына үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн жаранга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы маалымдагандай, январь айында Түп райондук ички иштер бөлүмүнө Кең-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну кайрылган. Өзүнүн арызында 33 жаштагы жарандык күйөөсү Ж.Ж. облустун борборунда жайгашкан үйлөрдүн биринде сабап, денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган арыз катталып, аймактык кароо боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аялдын ден соолугуна келтирилген зыян – ден соолуктун бузулуусуна алып келген жеңил зыян деп аныкталган. Ушундан улам, бул факты боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Аялдын айтымында, жарандык күйөөсү Ж.Ж. менен бирге жашап жаткандан бери 6 жолу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Бирок, бул учурларды эч кимге айтпай, тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылган эмес. Ошондой эле, учурда туугандарынын үйүндө жашап жатканын жана жарандык күйөөсүнөн коркуп жатканын кошумчалады.
Кылмышка шектүү катары кармалган аялдын жарандык күйөсүн суракка алуу учурунда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жубайын бир нече жолу ур-токмокко алганын жана бул фактылар боюнча келинчеги эч жерге арызданбаганын билдирген.
Шаардык соттун чечими менен кылмыш ишин тергөө учурунда шектүүгө карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

От admin