Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министри Алтынбек Максутов, орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жооп беришти.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

От admin