Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 50 адамга бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасаларын билдирди. Бул демилге президент Садыр Жапаровдун демилгеси экенин айтты:

«Көп киши бюджетке кезекке туруп жатат. Үйлөрүн, кредит алып гемодиализ алышчу. Жеке клиникада ал 5800 сом. Ошонун баарын президент көрүп туруп, бекер кылалы деп айткан. 2020-жылдан бери бизде гемодиализ бекер. Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50 адамга бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Муну мамлекет төлөп берет. Бейтаптан акча алынбайт», — деди министр.

От admin