11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин  төмөнкү даректердеги турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы   М.Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы –  Панфилов көчөсү менен чектешет.

Алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул иш-чаралар таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.

Бул маанилүү иштин жүрүшүндө суу алуучу жай эки күнгө  убактылуу иштебейт. Мындай узакка созулган өчүрүүнүн себеби, резервуарларды дезинфекциялоо жана шаардагы суу түтүктөрүндө керектүү иштерди  жүргүзүүнү камтыган иштердин чоң көлөмүнө байланыштуу. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаар тургундарына мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында белгиленген мөөнөттө алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт.

От admin