Президент Садыр Жапаров бүгүн салтанаттуу аземде билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Президенттин сүйлөгөн сөзү:

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Кымбаттуу Кыргызстандын келечек ээлери!

Эң алды менен, балалык доордун өмүр бою эсте кала турган бөлүгүн – мектеп жылдарын артка калтырып, билим уясынан учуп чыгышыңар менен баарыңарды чын дилимден куттуктап кетейин.

Улуу ойчул Жусуп Баласагын бабабыздын “Билим бийик түгөнбөс, окуу — улук, адамда – ушул эки артыкчылык” деген накыл кебиндей, мектепте алган билимиңер жашооңордун бекем пайдубалы болуп, өмүр бою артыкчылык берет.

Силер бекем пайдубал түптөп, турмуш жолуна аттандыңар, сапарыңар байсалдуу болсун!

Өлкөбүздүн мектептериндеги жалпы билим берүү сапатына токтоло турган болсок, өткөн жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы 119,8 болсо, быйыл 121,9 баллга чейин жогорулады. Бул акыркы он жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу экинчи жакшы көрсөткүч болуп калды.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, быйыл өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 50 миңге жакын бүтүрүүчү катышыптыр. Ошолордун арасынан мыкты даярдыгыңарды далилдеп, алдыга суурулуп чыгып, «Алтын сертификатка» ээ болуп олтурасыңар.

Бул силердин, окуткан эжей-агайларыңардын жана, албетте, ата-энелериңердин эмгегинин үзүрү деп эсептейм. Мугалимдин ар сабактагы эмгеги жана ата-эненин ар күнкү көңүл буруусу балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, ой жүгүртүү маданиятын тарбиялап, эң башкысы жеңишке болгон эрктүүлүгүн калыптандырат.

Ошондуктан мектеп мугалимдери менен ата-энелерге терең ыраазычылыгымды билдире кетейин. Себеби коомубузга канчалык көп билимдүү жаштар кошулса, өлкөбүздүн өнүгүүсү ошончолук ыкчамдайт.

Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүгө ишенимдүү кадам таштап, бир катар ири долбоорлорду баштап, келечекке дымактуу пландар менен баратат.

Башталган долбоорлордун бардыгы мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүүсүнө, ар бир кыргыз жаранынын татыктуу жашоосун камсыз кылууга багытталган.

Алардын ичинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илим тармагын жандандыруу, ошондой эле жаштардын дараметин арттыруу маселелери бар.

Анткени бүгүнкү ыкчам өнүгүп жаткан доордо келечек билимдүү жаштардын колунда болоору дапдаана көрүнүп турат.

Ошондуктан биз жаштарыбыздын сапаттуу билим алышына көңүл буруп, жаңы замандын балдарына жаңыча мамиле кылуунун аракетин көрүүдөбүз.

Билим берүү чөйрөсүндөгү өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири – жаштарды жана келечек муундарды окутуу үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү. Мамлекет жылдан-жылга өлкөнүн келечек муундары сапаттуу, заманбап билим алуусу менен катар аларды ата-баба наркы менен татыктуу тарбиялоого да басым жасай баштады.

Кыргызстан бүгүнкү күндө таланттуу, чыгармачыл жана демилгелүү, жаңыча көз карашы жана кызыктуу идеялары бар жаштарга бай.

Мына ушундай зирек жаштарыбызга кыргыз эли канча кылымдарды басып өтсө дагы өз наркын, каада-салтын, үрп-адатын эмне үчүн жоготпой келатканын, алардын маани-маңызын, бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун, жаркын келечекке шам чырак болуп туура жол көрсөтөрүн биз улуу муун чечмелеп, түшүндүрүп беришибиз абзел.

Ошондо гана биздин дилгир жаштарыбыздын дараметин, оргуштаган энергиясын туура багытка салып, аларга туура жол көрсөткөн болобуз.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан республиканын бардык аймактарында балдар үчүн камкордук көрүлүп, бардык шарттары бар жаңы мектептер курулуп жатат. Балдарыбыз ушундай заманбап мектептерде билим алышы – биздин башкы максатыбыз жана тилегибиз.

Бүгүнкү салтанатта ата-энелер менен урматтуу агай-эжейлерге да кайрылып кетүүнү эп көрүп турам.

Бүгүн алтын сертификат алган балдарыбыздын жүзүндөгү кубанычты көрүп, ошондой эле билим берүүнүн сапаттары боюнча жүргүзүлгөн сынактардын жыйынтыктарын байкап, жаштардын билимге болгон кызыгуусу жыл сайын өсүп баратканын канааттануу менен белгилеп кетким келип турат.

Ар бир өлкөнүн өнүгүшү анын жарандарынын адеп-абийирине, таалим-тарбиясына жана алган билимине байланыштуу деп тегин жерден айтылбаган чыгар.

Эң биринчи таалим-тарбия мерчемдери үй-бүлөдө, бала бакчада жана мектепте калыптанары баарыбызга маалым.

Бирок ошол үй-бүлөдө, бала бакчада, мектептерде кандай тарбия, кандай билим берилип жатканы – башкы маселе, ойлондуруучу жагдай.

Азыркы жаштар мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү менен тез өзгөрүлүп жаткан коомго оңой адаптация болушу зарыл. Буга эң алды менен ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер өтө чоң маани бериши кажет.

Балдарыбыздын тез өнүгүп жаткан дүйнө агымынын терс жактарына кошулуусуна тоскоол болуп, жакшы жактарына аралашуусу түздөн-түз сиздерден көз каранды.

Урматтуу достор!

Ар бир мектептеги болобу же окуу жайдагы болобу, улам кийинки мууну өзүлөрүнө чейинкилерден окуган билим уясынын, альмаматеринин атын чыгаруу эстафетасын татыктуу кабыл алышы керек.

Силерде дагы дал ушундай сыймыктуу вазыйпа турат. Окуган мектебиңердин сыймыгы болдуңар, эми тандаган окуу жайыңардын сыймыгы болууга, андан соң өз өлкөңөрдүн сыймыгы болууга умтулгула.

Ошентип, муундардын байланышы үзүлбөй уланып кете берет. Мындай вазыйпаны үзбөй улаган билимдүү жаштары бар элдин тарыхта изи жоголбойт.

Мына силердин колуңарда алтын сертификат турат. Бул сертификат силерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Силер үчүн Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларынын эшиги ачык, бюджеттик негизде каалаган окуу жайыңардан окуй аласыңар.

Араңарда чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшыра турган балдар-кыздар да бар. Бул дагы жакшы көрүнүш. Эң башкысы, келечекте чет жерден алган билимиңер менен өз Мекениңерге келип, өлкөңөрдүн өнүгүшүнө салым кошуу канчалык маанилүү, канчалык сыймыктуу экенин унутпагыла!

Кыргыз мамлекетинин келечеги силердин колуңарда!

Мен силерге Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө, башка өнүккөн мамлекеттердин катарынан орун алышына өз салымыңарды кошот деп бекем ишенем!

Дагы бир жолу ийгилигиңер – алтын сертификатыңар кут болсун!

Силерге жакшы маанай жана жаркын келечек каалайм!

От admin