Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология инсититутунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдагы жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

От admin