Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу баштаган делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандын тышкы иштер министри сталиндик репрессиянын курмандыктарына жана дүйнө жүзүнө атагы чыккан жазуучу Ч.Т.Айтматовдун эстелигине гүл койду.

Комплекске баруу алкагында катышуучулар куран окуп, каза болгондорду эскеришти.

От admin