7-июль — Кыргыз Республикасынын ИИМ тармагында балдар иштери боюнча инспекциянын түзүлгөн күнү болур эсептелинет. Бул кесиптик майрамдын алдында калыптанып калган салт боюнча Ысык-Көл райондук ИИБдин БИИнин инспекторлору өздөрүнүн ардагерлерин унутта калтырбастан, аларга өзгөчө көңүл бурушуп, куттуктап кетишти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, райондук милициянын жетекчилигинин, өздүк курамынын жана ардагерлер кеңешинин атынан балдар иштери боюнча инспекторлор, ардагерлердин үйлөрүнө барышып, келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты. Тартип сакчылары аларга бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтыкты жана жакшылыктарды каалап, өздөрүнүн белектерин тапшырышты.


«1982-жылдан 2007-жылга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн Махеня Ольга Николаевна келген меймандардан, бүгүнкү күндүн милициянын ишмердүүлүгүнө кызыкты. 25 жыл аралыгында райондук милициясында инспектордон баштап, балдар инспекциясынын башчысына чейин кызмат өтөгөн ардагер, өзүнүн милициядагы кызматы тууралуу айтып берип, тартип сакчыларынын жаш мууну менен тажрыйба бөлүштү.
Ошондой эле, Ысык-Көл райондук ИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан Айжан Турдукеева, мейманга келген конокторго өтө кубанып, учурда милицияда кызмат өтөп жаткан кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди, милдетине жана антына бекем болушун каалады»-, ДЕ

От admin