Россияда кыргызстандык таксист «Миссис Сибирь — 2016» сулуулук сынагынын финалисти Виктория Головкону зордуктоого аракеттенген деп айыпталып жатат.

«Аргументы и Факты» басылмасынын маалыматына ылайык, окуя Новосибирск шаарында болгон. Виктория Головконун айтымында, 10-июнда кечинде ресторанда жолдошу менен бирге туулган күнүн белгилеген. Андан кийин 5:00 чамасында жолдошу такси чакырып, Викторияны үйгө салып жиберип, өзү жумушка кеткен.

Головко ачкыч издеп жатканда ага таксист кол салганын айтты.

«Ал олтурган жеринен мага секирген», — деди Головко журналисттерге.

Анын айтымында, таксист көйнөгүн чечип, ич кийимин да чечүүгө аракеттенген.

Головко каршылык көрсөтүп жатканда оозунун эрини жарылганын, алар башка унаа келе жатканын көрбөгөндө, таксист аны зордуктап коймок экенин билдирди.

Полиция кызматкерлери таксистти кармады. Ага зордуктоого аракеттенүү беренеси менен айып тагылды.

Таксист ага тагылган күнөөнү мойнуна алган жок. Болгону Головко уктап калганда аны ойготууга аракеттенгенин билдирди.

От admin