Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент коюу операциясы жасалды. Маалымат Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Маалыматка таянсак, сейрек кездешүүчү жана оор жүрөк оорусуна чалдыккан баланын ата-энеси дарыгерлерге кайрылышкан. Ымыркайдын абалы өтө оор болгон. Хирургиялык кийлигишүү Оштогу кыргыз-орус клиникасынын базасында жасалган. Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы барышкан.

От admin