Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологу Султан Суранбаев октябрдан тарта курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун күч алышы болжолдонуп жатканын айтты.
«Тобокел тобуна кирген адамдар жыл сайын мамлекет тарабынан акысыз эмделет. Ага медициналык кызматкерлер, онкологиялык жактан оорулуулар, кант диабетине чалдыккандар, кош бойлуулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, карылар үйүндөгү адамдар жана башка өнөкөт оорусу бар жарандар кирген. Тилекке каршы, жылдан жылга алардын саны өсүп жатканы байкалууда»,
-дейт Султан Суранбаев.
Анын айтымында, октябрдан баштап сасык тумоого каршы эмдөө башталып, бардык медициналык борборлор элди кабыл алат.
Адис COVID-19 вирусуна жана сасык тумоого каршы вакцинаны бир учурда албай, ортодо кеминде эки жума аралыкты сактоо керектигин кошумчалады.