Кечээ, 21-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы — “Ак шумкарлар” менен Сауд Арабиянын “Жашыл шумкарлары” оюн көрсөтүшүп, жыйынтыгында 0:2 эсебинде Сауд Арабия жеңишке жетти.

AFC Asian Cup фейсбук баракчасына Кыргыз курамасынын жеңилгенине карабай колдогон күйөрмандардын видеосу тарады. Андан шоумен Актан Рыскелдиевдин футболчу Александр Мищенкону мактап, экөө кол алышып жатканын көрүүгө болот.

От admin