КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында иштеп жаткан “жер мафиясынын” кылмыш ишине бөгөт коюу максатында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “гектарщиктерден” жана КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр» МИ) жооптуу кызматкерлеринен турган Чүй облусунун Сокулук районундагы “жер мафиясынын” уюштуруучулары жана аткаруучулары КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мааылматты УКМКнын Басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык камакка алынгандар төмөнкүлөр:
1) Ж.Н.К., 1972-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. “Гектарщиктердин” бири, “жер мафиясынын” жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу, Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактарга таризделген 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат;
2) Ж.М.Ж., 1975- жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган, “гектарчылардын” бири, Ж.Н.К.нын аффилиацияланган адамы;
3) Д.М.Э., 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган, КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр”ММ) Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
4) А.Б.С., 1972-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган, КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр”ММ) Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
5) О.А.К., 1965-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган, КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр» МИ) Сокулук филиалынын бөлүмүнүн мурдагы башчысы.
Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар кызмат адамдарынын Чүй облусунун Сокулук районундагы “ВОССТ-2” участогунда жайгашкан 15 Га жерди “гектарчы” болуп эсептелген, “жер мафиясынын” жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгон Ж.Н.К.нын аффилиацияланган адамдарына мыйзамсыз тариздөөгө катыштыгы бар экендиги аныкталды (15 Га ЖТК үчүн 300 участокко 4 сотыхтан бөлүнгөн, алардын ар бири орточо эсеп менен 8 миң АКШ доллары турат, бардыгы 2 млн.400 миң АКШ доллары).

Мындан тышкары, Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат (Сокулук районунун Военно-Антоновка а/а 100 Га, жана Ысык-Ата районунун “Рухий Мурас” конушунда 200 Га ), анын орточо баасы 81 млн АКШ долларына бааланган, б.а. 7 млрд 249 млн 500 миң сом.
Ошол эле учурда мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып коюу, кийин аларды жеке баюу үчүн сатуу максатында “жер мафиясы” тарабынан мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема бар экендиги аныкталган.
Атап айтканда, коррупциялык схема Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалынын жооптуу кызматкерлеринин (мурда “Кадастр”ММ), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустардын ортосунда сүйлөшүп алуу аркылуу жер участокторунун жасалма документтерин берүү менен, кийинчерээк жеке турак-жай куруу үчүн “жер мафиясынын” аффилиацияланган жактарынын пайдасына мамлекеттик актылар чыгарылган.
Белгилей кетсек, Ж.Н.К. мыйзамсыз алынган жер тилкелерин сатуу мүмкүнчүлүгүн тездетүү максатында калктын социалдык жактан аялуу катмарынын кызыкдар тобуна акча төлөп, жер тилкелерине укуктарды тез арада каттоого убада кылуу менен нааразылык акцияларынын уюштуруучусу болгон. Ушуга байланыштуу 2023-жылдын жаз-жай айларында Ж.Н.К.дан акча алган митингчилер Министрлер Кабинетинин имаратынын алдындагы массалык нааразылык акцияларында Сокулук районундагы “Восст-2” жерлерин трансформациялоону тездетүү талаптарын бир нече жолу коюшкан.
Учурда улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун башка райондорунда дагы ушул сыяктуу коррупциялык схемаларды ачууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

От admin